Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:18

Кыргызстан бир жылда 19 миң килограммдан ашык алтын экспорттоду 


Кыргызстан 2017-жылы 19 миң 853 килограмм алтын экспорттоду. Каржы министрлигине караштуу Баалуу таштар департаменти билдиргендей, былтыр күмүштүн экспорту 17 тоннадан ашты.

Кыргызстандын алтынын негизинен Швейцария сатып алат жана ал өлкөнүн башкы соода өнөктөштөрүнүн арасында төртүнчү орунда турат.

Өткөн жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүү 490 миллион долларга жеткен. Анын негизги бөлүгүн Кыргызстанда өндүрүлгөн алтын экспорту түзгөн.

Кыргызстандагы эң чоң алтын кендеринин бири - канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы иштеткен "Кумтөр" болуп эсептелет. «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы компаниянын акцияларынын 29 пайызына ээ.

XS
SM
MD
LG