Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Чүйдө 42 жаштагы аял төрөттөн кийин эсине келбей каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук төрөт үйүндө операция жолу менен төрөгөндөн кийин абалы оорлоп кеткен аял эсине келбей каза тапты.

Саламаттык сактоо министрлигинен "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, 20-январдагы аялдын өлүмүнүн себеби териштириле баштады.

Маалыматка караганда, Токмок шаарынын 42 жаштагы тургуну Роза Жусубалиеванын абалы оор деген дарыгерлер аны 15-январда операция жолу менен төрөтүшкөн. Бирок төрөт маалында келин анафилаксия абалына түшүп, эсине келбей жатып көз жумган. Ымыркай 2 килограмм 800 грамм салмакта төрөлгөн, азыр абалы жакшы экени кабарланды.

Маркумдун туугандары келиндин өлүмүнө дарыгерлердин катачылыгы, шалаакылыгы себеп болду деп билдирип жатышат.

XS
SM
MD
LG