Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:34

Донбасста жикчилдер жүргүнчү ташыган автобусту аткылашты


Донбасстагы өкмөттүк күчтөр.

Украинанын чыгышында жикчилдердин аткылоосунан автобустагы жүргүнчүлөрдүн бири өлүп, дагы бири жаракат алган. Бул тууралуу украин командачылыгы маалымдап, окуя Киев тарабынан көзөмөлдөнбөгөн Оленевка кыштагында болгонун билдирди.

Антитеррордук штабдын маалыматына караганда, бул окуя тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазгандай, "автобусту украин аскерлери аткылады" делген кабар калп.

Украин чек ара кызматынын төрагасынын жардамчысы Олег Слободян "112 Украина" телеканалына билдиргенине караганда, автобустун аткыланышы тууралуу маалыматтар жетишсиз болууда.

XS
SM
MD
LG