Кыргызстандын транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов менен Катардын транспорт жана байланыш министри Яссим бин Саиф Ал Сулайти эки өлкөнүн ортосунда аба каттамын ачуу боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Кыргызстандын Катардагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Нуран Ниязалиев билдирди.
Келишимге Доха шаарында кол коюлуп, министрлер эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты. Анда транспорт байланышын түзүү, жүк ташуу, соода-сатыкты ѳнүктүрүү тууралуу сунуштар каралды. (BCh)