Бишкек-Ош жолунун 264-чакырымында күйүүчү май ташыган автоунаа дарыяга кулап, бир киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, кырсык 20-январдын түнүндө катталган. Анда күйүүчү май ташыган автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай дарыяга кирип кеткен. Натыйжада бир адам өлүп, экөө жаракат алган.
Бишкек-Ош жолунда кырсык көп болору белгилүү. Жыл башынан бери Кыргызстанда жол кырсыгынан 10 киши көз жумду. Былтыр 6 миңден ашык авария болуп, андан 850гө жакын адам өлгөн. (UEz)