Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

АКШнын Иерусалимдеги элчилиги 2019-жылы ачылат


АКШнын вице-президенти Майк Пенс.
АКШнын вице-президенти Майк Пенс.

АКШ 2019-жылы Иерусалимде элчилигин ачат. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын вице-президенти Майк Пенс 22-январда Израил парламентиндеги кайрылуусунда айтты.

"Иерусалим Израилдин борбору жана президент Дональд Трамп Мамлекеттик департаментке АКШ элчилигин Тел-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө дароо камылга көрүүнү тапшырган", - деди Пенс.

Пенстин Кнессеттеги сөзүн теги араб израилдик депутаттар кыска убакытка үзгүлтүккө учуратышты. "Иерусалим Палестинанын борбору" деген плакаттарды көтөргөн мыйзам чыгаруучуларды сыртка алып чыгып кетишти.

Өткөн жылдын декабрь айында президент Трамп АКШ Чыгыш Иерусалимди Израилдин борбору деп тааный турганын жана Тел-Авивдеги АКШ элчилигин ушул байыркы шаарга көчүрөөрүн жарыялаган. Бул чечим Палестин автономиясындагы жана бир катар мусулман өлкөлөрүндөгү ири нааразылык акцияларына себеп болгон.

XS
SM
MD
LG