Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

"Балдар терроризмге каршы" деген иш-чара өтөт


Буга чейин Кара-Суу районунда балдардын терроризмге каршы акциясы өткөн. 17-ноябрь, 2015-жыл (архивдик сүрөт).
Буга чейин Кара-Суу районунда балдардын терроризмге каршы акциясы өткөн. 17-ноябрь, 2015-жыл (архивдик сүрөт).

“Балдар - биздин келечегибиз! Экстремизмге, терроризмге жана кылмыштуулукка жол жок” деген иш-чара Ички иштер министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулууда. Анда балдарга кылмыштуулук, экстремизм жана терроризм тууралуу лекциялар окулуп, театралдаштырылган оюндар көрсөтүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Мира Абдылдаева "Азаттык" радиосуна билдирди.

ИИМдин маалыматы боюнча, жашы жете электер арасында кылмыштуулук, маңзатка берилүү мурдагыдай көп катталбаганы менен, мектепти мечитке алмаштырып, түрдүү диний агымдардын азгырыгына алданган өспүрүмдөр жок эмес. Иш-чаранын максаты балдар арасында экстремизм менен терроризмдин жайылышынын алдын алуу болуп саналат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG