Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:53

Жети-Өгүздө көчкү алдында калган киши табыла элек


Көчкү алдында калган кишини издөө уланууда. 23-январь, 2018-жыл. (Сүрөт ӨКМдин баракчасынан алынды).
Көчкү алдында калган кишини издөө уланууда. 23-январь, 2018-жыл. (Сүрөт ӨКМдин баракчасынан алынды).

Жети-Өгүз районундагы Көк-Жайык жайлоосунун Телти участогунда кар көчкүнүн алдында калган 38 жаштагы Р. Ашымбаевди издөө иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 23-январь күнү саат 23:30да министрликтин куткаруучулары менен жергиликтүү отуздай тургун аны издегени Телтиге жөнөп кетишкен. Алынган маалыматтарга караганда көчкүнүн көлөмү болжол менен 154 800 куб метр. 23-январда түштөн кийин куткаруучуларга дагы 20 кишиден турган көмөкчү топ кошумча күч катары жиберилди.

21-январда саат 17:00 чамасында Жети-Өгүз районунун үч тургуну Көк-Жайык жайлоосунун Телти участогунда аң уулап жүргөн учурда кар көчкү түшкөн. Аңчылардын бири, 38 жаштагы Р. Ашымбаевди көчкү басып калган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG