"Балдар - биздин келечегибиз, биз экстремизмге жана терроризмге каршыбыз" деп аталган эки жумалык иш-чаранын алкагында жер-жерлерде мектеп окуучуларына түшүндүрмө берилүүдө. 24-январь күнү Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешовдун катышуусунда мындай иш-чара Бишкектеги №69 орто мектепте болот. Бул тууралуу комиссиянын басма сөз катчысы Назгүл Кадырназарова "Азаттык" радиосуна билдирди.
Кечээ бул иш-чаранын алкагында Бишкекте ИИМ менен Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган чоң форум болуп өткөн. Анда балдарга экстремизм жана терроризм тууралуу лекциялар окулуп, театрлаштырылган оюндар көрсөтүлдү.
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Сталбек Рахмановдун билдиргенине караганда, былтыр баш калаада үйүнөн качып кеткендердин саны январь айында 9 өспүрүм болсо, быйыл жыл башынан бери 20га жетти. Шаардык милициянын башчысынын айтымында, балдардын кароосуз калып жатканына ата-энелердин мигрант болуп чет жактарга кетип калышы да себеп болууда.
ИИМдин маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанда түрдүү экстремисттик багыттагы 32 сайт жабылган.(ZKo)