Ички иштер министрлигине караштуу атайын багыттагы “Шумкар” полкунун Оштогу бөлүмүнүн жооптуу адамдары башкалардын акчасын өз эсептерине которуп алып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган полктун Ош шаарындагы бөлүмүнүн жооптуу адамдары кызматкерлердин эмгек өргүүсүнө төлөнүп берилүүчү акчаны 2016-жылдын 1-январынан баштап 2017-жылдын 31-декабрына чейинки аралыкта өздөрү алып жүргөн. Анын жалпы суммасы 1 миллион 827 миң 200 сомду түзгөн.
Министрлик кызматтык иликтөө жүргүзүп, “Шумкар” полкунун каржы бөлүмүнүн эки кызматкери ички иштер органдарынан бошотулду.
Бөлүм жетекчилерине сөгүш берилип, полктун командиринин орун басары кызматтан алынды. Кызматтык иликтөөнүн негизинде топтолгон материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. (NT)