Кырсык бүгүн эртең менен Италиянын каржы борбору Милан шаарынын 40 чакырымдай аралыкта болгон.
Мамлекеттик "Ferrovie dello Stato" компаниясынын поезди рельстен чыгып кеткенде 3-5 адам каза тапканы, дагы 5-10 киши жаракат алганы кабарланууда.
Темир жолдогу кырсыктын себептери азырынча расмий айтыла элек. (UE)