Линктер

жекшемби, 20-май, 2018 Бишкек убактысы 19:45

Бул тууралуу 25-январда Ташкенттеги Республикалык илимий борбордун өкүлдөрү билдиришти. Ага чейин Интернетте наристенин чарчап калганы тууралуу маалыматтар пайда болгон.

Дарыгерлер 11 айлык баланын абалы оор экенин, бирок анын өмүрү үчүн күрөш уланып жатканын айтышты. "Наристе тирүү, бирок 1-даражадагы кома абалында жатат. Анын жашап кетиши өтө эле күмөн", - деп билдиришти алар.

Мурдараак Фергана облусунда жашаган 11 айлык наристенин денесинен 16 кийим тигүү ийнеси табылганы кабарланган. Андан соң ага Ташкенттеги Республикалык илимий борбордо он саатка созулган операция жасалып, денесинен 13 ийне алып чыгышкан. Калган ийнелерди баланын жаш курагын эске алуу менен кийинки операция учурунда алып чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Анализ учурунда ийнелер баланын организминде эки айдан бери жүргөнү аныкталган.

Азырынча ийнелер наристенин денесине кантип киргени белгисиз. Алар баланын денесинин ар кайсы бөлүгүндө болгондуктан, медиктер наристе аларды өз алдынча жутуп алмак эмес деп эсептешет.

Жакында эле Орусиядан кайтып келген наристенин атасы ийнелер кантип баланын денесине киргенин билбейт. Апасы тергөө органдарында сурак берип жаткандыктан, аны менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Өздүк булактардын айтымында, 22-январда баланын дене табы көтөрүлүп, апасы аны элдик медицина менен алектенген тууганына алып барган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG