Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

АКШ Орусияны Мьянмага согуш учактарын сатпоого үндөдү


Рохинжа качкындары.
Рохинжа качкындары.

АКШ Москваны Мьянмага согуш учактарын сатуу тууралуу келишимин кайра карап чыгууга үндөдү. Орусиянын Коргоо министрлиги бир нече күн мурун алты даана "Сухой СУ-30" учагын түштүк-чыгыш Азиядагы ушул өлкөгө сатаарын билдирген.

Америкалык тышкы саясий мекеменин басма сөз катчысы Хизер Нойерт 25-январдагы брифингде бул кабар тынчсыздануу жаратаарын айтты. "Маалымат чын болуп чыкса, бул Орусия адам укуктарын бузуп жаткан куралдуу күчтөрдү колдоо аракетин улантууда дегенге жатат", - деди Нойерт.

Өткөн жылдын жай айларынан бери Мьянмада мусулман рохинжаларын басмырлоодон улам улут аралык жаңжал башталган. 700 миңдей качкын коңшулаш Бангладешке агылган. Мьянма өкмөтү карапайым элге каршы аракет көрүп жатканы тууралуу дооматтарды четке кагып, куралчан согушкерлерди бутага алганын айтууда. Вашингтон өлкө жетекчилигинин улуттук жана диний азчылык өкүлдөрүнө мамилесин кескин сындаган жана андай аракеттерде "этностук тазалоонун белгилери бар" деген.

XS
SM
MD
LG