Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:01

Жээнбеков Түштүк Кореянын президентине көңүл айтты


Миряндагы өрт. 26-январь, 2018-жыл.

Түштүк Кореянын Мирян шаарындагы ооруканада чыккан өрттө кырктан ашуун кишинин каза болгонуна байланыштуу Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Кореянын президенти Мун Чжэ Инге көңүл айтты.

- Курман болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтуумду, ал эми жабыркагандардын баарына тез сакайып кетүүсүн каалай турганымды билдирип коюуну сизден өтүнөм, - деп айтылат мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

26-январда Түштүк Кореянын Мирян шаарындагы ооруканада чыккан өрттөн бери дегенде 41 киши каза тапты. Расмий маалыматтарда 50дөй киши жарадар болгону айтылууда. Өрт беш кабаттуу имараттын биринчи кабатындагы тез жардам бөлмөсүндө тутанган. Дарыгерлер каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин айтып жатышат. Полиция өрт чыкканда имаратта 200гө чукул киши болгонун билдирди.

Мирян Түштүк Кореянын борбору Сеулдан 300 чакырымдай алыс жайгашкан. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG