Линктер

жума, 20-июль, 2018 Бишкек убактысы 10:34

АКШнын федералдык иликтөө бюросу Орусиянын мурдагы маалымат министри Михаил Лесиндин өлүмүнө байланыштуу иликтөөгө тиешеси бар материалдарды жарыялады.

Документте сөөктү сойгондон кийинки жана токсикологиялык экспертиза тууралуу маалыматтар бар. Лесиндин акыркы күндөрүнүн реконструкциясы, видеокөзөмөлдөгү жазуулар да камтылган.

Вашингтондо жайгашкан соттук-медициналык экспертиза башкармалыгы 10-мартта жарыялаган билдирүүдө Лесиндин өлүмүнө башы, моюну, денесине келтирилген туюк жараат себепкер болгону, иликтөө уланып жатканы айтылган. Лесин ФБРге жардам берүүнү көздөп жүргөн учурда өлтүрүлгөн деген маалыматтар да бар.

Учурунда президент Владимир Путиндин жан-жөкөрлөрүнүн бири саналган Лесиндин сөөгү 2015-жылы ноябрда Вашингтондо табылган эле.

Мурда Орусиянын медиа тармагын жетектеген Михаил Лесин өз кезегинде англис тилинде чыгуучу Russia Today телеканалын түптөөгө да чоң салым кошкон.(КЕ)

XS
SM
MD
LG