Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:14

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 6% шайлоочу добуш берди


Иллюстрация

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, саат 10:00го карата жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 2672 шайлоочу добуш берди. Бул тизмеге кирген шайлоочулардын 6% түзөт.

Активдүүлүк айрыкча Ош облусунун Араван районунун С.Юсупов айылдык кеңешинде байкалды. Бул аймакта добуш бергендердин саны 9% жетсе, экинчи орунда 7,5% менен Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңеши турат. Ал эми үчүнчү жолу мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жаткан Кара-Балта жана Таш-Көмүр шаарларында добуш бергендер 6% тегерегин түздү.

Шайлоо 11 жергиликтүү кеңеште, эки шаардык кеңеште жана тогуз айылдык кеңеште өтөт. Жалпысынан 211 депутат шайланат. Алардын 149у айылдык кеңештин, 62и шаардык кеңештин депутаттары. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайлоосуна катышуу үчүн 1250 талапкер катталган. Шайлоочулардын акыркы тизмесине 87 миң 132 шайлоочу киргизилген.

27-январда алдын ала берген арыздын негизинде 583 шайлоочу добушканадан сырткары жайда добуш беришкен. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG