Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Теннис: Рожер Федерер 20-жолу "Чоң шлем" мелдешин утту


Теннисчи Рожер Федерер.
Теннисчи Рожер Федерер.

Рожер Федерер 20-жолу "Чоң шлем" мелдешин уткан алгачкы эркек теннисчи болуп калды. 36 жаштагы швейцариялык спортчу жекшембиде Австралиянын ачык чемпионатынын финалында хорватиялык Марин Чиличти 6-2, 6-7 (5-7), 6-3, 3-6, 6-1 эсебинде жеңип чыкты.

Мельбурн шаарында өткөн бул мелдеште аялдардын арасында даниялык Каролина Возняцки чемпион аталды. Ал ишембидеги финалда румыниялык Симона Халепти утуп алды.

Теннистин тарыхында үч аял теннисчи гана "Чоң шлем" мелдештерин кеминде 20 же андан көп жолу уткан. Алар: Маргарет Корт (24 жолу), Серена Уильямс (23) жана Штеффи Граф (22).

"Чоң шлем" турнирин эң көп уткан үч эркек теннисчинин катарында Рожер Федерерден кийин испаниялык Рафаэль Надаль (16 жолу) жана америкалык теннисчи Пит Сампрас (14) турат.

XS
SM
MD
LG