Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:42

Улуттук госпиталдын жылытуу системасы оңдоло элек


Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

Бишкектеги жылуулук берүүдөгү чектөөдөн улам Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана майыптар жайгашкан имаратындагы жылытуу системасында авария болду. Адистер түнгө чейин иштеп, жылуулук системасын калыбына келтире алган жок.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев имараттын жылуулук системасы эскилиги жеткендиктен, суукту көтөрө албай жатканын билдирди.

Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, бүгүн түтүктөрдөн ысык суунун ордуна муздак суу агызылгандыктан, муз пайда болуп, түтүктөр жарылып кетмек болду. Натыйжада түтүктөгү суу төгүлдү. Учурда адистер жылуулукту калыбына келтирүү жумуштарын жасап жатышат.

27-январда Бишкек Жылуулук электр борборундагы техникалык авариядан улам жылуулукка чектөө киргизилген. Энергохолдинг "авария 28-январга караган түнү оңдолду" деген маалымат берген. Бирок айрым шаардыктар имараттар талаптагыдай жылый элек экенин айтышууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG