Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

"Грэмми": Ырчы Бруно Марс мыкты аталды


Ырчы Бруно Марс
Ырчы Бруно Марс

Нью-Йоркто жекшембинин кечинде "Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземи өтүп, анда R&B ырчысы Бруно Марс алты номинацияда мыкты аталды. Анын "That's What I Like" деген ыры "жылдын мыкты ыры" наамын жеңип алса, "24K Magic" "жылдын мыкты альбому" болуп калды.

Америкалык ырчы Кендрик Ламар рэп жанрында баш-аягы беш сыйлыкка ээ болду. Рэп ырчы Jay-Z болсо "4:44" альбому үчүн сегиз номинацияда атаандашканы менен алардын бирөөн да ута алган эмес.

Сыйлык тапшыруу аземи учурунда атактуу адамдардын президент Дональд Трамп жөнүндө жазылган "От жана каардануу" аттуу талаштуу китептен үзүндүлөрдү окуп жатканы тартылган видео көрсөтүлдү. Китептин үзүндүсүн окугандардын арасында мурдагы президенттикке талапкер Хиллари Клинтон да бар.

АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли "Грэмминин" уюштуруучуларын музыка менен саясатты аралаштырбоого чакырды.

XS
SM
MD
LG