30-январда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаайт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден 14 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18...23, күндүз -4...-9;
Таласта түнкүсүн -18...-23, күндүз -5...-10;
Ош жана Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5...-10, күндүз -3...+2;
Баткенде түнкүсүн -6...-11, күндүз -3...+2;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -12...-17, күндүз -2...-7;
Нарын облусунда түнкүсүн -18...-23, күндүз -5...-10 градус төмөндөйт.
Бишкекте 30-январда күн ачык, жолдор тайгак болот. Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -20...-22, күндүз -5...-7 градус суук болот.