Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Өзбекстандын мурдагы ички иштер министри кармалды


Мурдагы ички иштер министри Адхам Ахмедбаев.
Мурдагы ички иштер министри Адхам Ахмедбаев.

Өзбекстандын мурдагы ички иштер министри Адхам Ахмедбаев кармалганын укук коргоо органдарындагы эки расмий булак тастыктады. Бирок ага кандай айып тагылып жатканы азырынча белгисиз.

Үч жыл министр болуп иштеген Ахмедбаевди президент Шавкат Мирзиёев 2017-жылдын январь айында кызматтан алган. Ал 26-январда кармалганын аны кармоо үчүн барган офицерлердин бири "Азаттыктын" өзбек кызматына билдирди.

52 жаштагы экс-министр ички иштер министринин жана башкы прокурордун буйругу менен Ташкенттеги батиринде кармалган. Башкы прокуратуранын бир кызматкери экс-министр азыр камакта экенин бышыктады.

Президент Мирзиёев 22-декабрда парламентке кайрылуусунда кезинде маркум президент Ислам Каримов министр кылып дайындаган Ахмедбаевди "чыккынчы" деп атаган эле.

XS
SM
MD
LG