Линктер

дүйшөмбү, 10-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 10:01

Орусияда акция учурунда кармалгандар бошотулду


Нааразылык акциясынан бир көрүнүш.

Жекшембиде Орусиянын ондогон шаарларында президенттик шайлоону бойкот кылууга чакырган акцияда кармалгандардын баары бошотулду. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлиги билдирди. Административдик укук бузуу боюнча жалпысынан 175 протокол түзүлдү, алар сотко жиберилет.

28-январда оппозициячыл активист Алексей Навальный уюштурган жүрүштөрдө баш-аягы 350дөн ашык демонстрант кармалган. Полиция Навальныйдын өзүн да кармап кетип, түн ичинде бошоткон. Тергөө органдары митингдердин ондогон катышуучуларына расмий айып такканы белгилүү болду.

Санкт-Петербургдагы акция учурунда белгисиз адамдар укук коргоочу Динар Идрисовду сабап кеткени маалым болду. Анын мээси чайкалып, жаагы жана колу сынган. Идрисов ага полиция кол салды деп эсептеп жатат.

Декабрь айында Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы "мурда соттолгон" деген жүйө менен Навальныйга шайлоого катышууга уруксат берген эмес. Орусиядагы 18-мартка белгиленген шайлоону президент Владимир Путинди “кайра дайындоо” деп мүнөздөгөн Навальный орусиялыктарды добуш бербөөгө үндөгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG