Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Мектептерде каникул 3-февралга чейин узартылды


Бишкек. 28-январь, 2018-жыл.
Бишкек. 28-январь, 2018-жыл.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, аба ырайына байланыштуу мектептерде каникул дагы үч күнгө узартылды.

Ага ылайык, беш күндүк жадыбал менен иштеген мектептерде 31-январда жана 1-2-февралда да окуу болбойт. Алты күндүк иш тартиптеги мектептерде эс алуу 31-январдан 3-февралга чейин уланат.

Министрлик бала бакчалардагы каникулду узартууну жергиликтүү бийлик чечерин, кесиптик окуу жайлары тиешелүү чечимди өз алдынча кабыл аларын маалымдады.

Буга чейин сууктан улам Кыргызстандагы бардык мектептердин, бала бакчалардын иши 26-январдан 30-январга чейин убактылуу токтотулган. (NT)

XS
SM
MD
LG