Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 09:18

АКШ Орусияны БУУнун резолюциясын бузду деп айыптады


Түндүк Кореянын Кытай менен чектешкен Ражин порту, 2017-жылдын ноябры

АКШ Мамлекеттик департаменти Орусияны Түндүк Корея боюнча Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын аткарбай жатат деп айыптады. Бул тууралуу тышкы иштер мекемесинин өкүлү Хизер Нойерт "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Вашингтон Москваны Түндүк Кореядан орусиялык порттор аркылуу мыйзамсыз көмүр ташыган деп айыптады. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Орусия Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын аткарбай, Түндүк Кореянын мыйзамды буйтаган аракеттерин колдоп жатканын кошумчалады.

Нойерт "Рейтерс" агенттигине шилтеме берип, Түндүк Корея Орусияны транзит өлкө катары пайдаланып, Улуттар Уюмунун санкциясын буйтап кетип жатканын түшүндүрдү.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореянын көмүрүн экспорттоого 2016-жылы чектөө койгон.

Былтыр жыл соңунда Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Пхеньяндын ракета сыноолоруна жооп чара катары санкцияларды күчөткөн.

XS
SM
MD
LG