Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:10

“Рейтерс” агенттиги Олимпиаданын ачылышына киргизилбейт


Пхенчхандагы Олимпиада кыштагы, 25.01.2018

Эл аралык олимпиада комитети "Рейтерс" агенттигин Түштүк Кореяда башталчу кышкы оюндардын ачылыш аземине катыштырбайт. Бул тууралуу түштүк кореялык "Рёнхап" агенттиги билдирди.

Мындай чечим "Рейтерс" агенттиги 28-январдагы Олимпиаданын отун жандырууга даярдык көргөн иш-чарадан сүрөттөрдү жарыялап жиберген соң кабыл алынган. Агенттик эл аралык комитеттин эскертүүсүнөн кийин дароо сүрөттөрдү өчүргөн.

Оюндун уюштуруу комитети Түштүк Кореянын маалымат каражаттарына кайрылып, Пченхчандагы оюндардын ачылышына даярдык көргөн жерден тартылган сүрөттөрдү өчүрүп салууну суранган.

Кышкы Олимпиаданын ачылышы 9-февралда өтөт. Ага чейин оюндарга даярдык көрүүдөн материалдарды жарыялоого уруксат берилбейт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG