АКШнын Геологиялык кызматы билдиргендей, Ооганстандын Гиндукуш тоо кыркаларында болгон жер титирөөнүн күчү кеминде 6,1 балл болду. Анын күчү Кабул, Душанбе, Исламабад, Нью-Дели шаарларында да сезилди.
Жергиликтүү бийликтин соңку маалыматына караганда, Ооганстандын өзүнүн Бадахшан провинциясында кеминде үч киши жаракат алган. Ал эми Пакистандын түштүк-батышындагы Балучистан провинциясындагы бир кыштакта турак үй кыйрап, бир адам каза таап, сегиз киши жарадар болду. Пешевар шаарында төрт окуучу жабыркады.
Жер титирөө болгондо Кабулда, Исламабадда, Пакистандын башка шаарларында адамдар үйлөрдөн, кеңселерден, имараттардан сыртка качып чыгышкан.
Жер титирөөнүн очогу Ооганстандын Тажикстан менен чек арага жакын түндүк-чыгыш бурчунда, Жарм деген райондон 35 чакырым түштүк тарапта орун алган.
Ооганстанда, өзгөчө Евразия жана Индия тектоникалык плиталарынын кесилишинде жайгашкан Гиндукуш тоо кыркаларында жер титирөө мезгил-мезгили менен кайталанып турат.
Буга чейин 2015-жылдын октябрь айындагы жер титирөөдөн 400дөн ашуун киши каза таап, Ооганстан менен Пакистанда миңдеген адам үй-жайынан ажыраган. (UE)