Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:53

Аксыдагы шахтада бир тургунду таш басып каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Тыт айылында 26 жаштагы тургунду таш басып калып, каза тапты. Окуя 31-январда кечки саат бешке жакын болгонун, ал мыйзамсыз көмүр казып жатып кырсыкка кабылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маркум Жолборсту айылынын тургуну. Анын денесин алып чыгууга министрликтин 12 куткаруучусу катышып, саат 21:30 табылган жана милицияга өткөрүлгөн.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын маалыматы боюнча, былтыр кендердеги кырсыктардан жыйырмадай кишинин өмүрү кыйылган. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG