Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 01:48

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев Кыргызстандын бүт аймактарындагы жылуулук тармагын текшерип чыгууну сунуш кылды. Ал бул тууралуу 1-февралда парламент жыйынында Бишкектеги жылуулук маселеси талкууланып жаткан учурда кеп козгоду.

- Сапаты жок жылуулук берилсе, ага акы төлөнүшү керекпи же жокпу? "Азаттык" радиосунда ушул маселедеги берүүнү уктум. Бардык жерде сапатсыз экен. Эл соттошсо да, айла жок соттун чечими менен төлөп жатат. Бул Кыргызстан боюнча маселе. Ошондуктан жылуулукка "канааттандырарлык эмес" деген баа берүү туура болот.

"Азаттык" радиосу 31-январда кечки жарым сааттык берүүсүндө Кыргызстандагы жылуулук тармагынын сапатын талдаган баяндарды уктурган. Уктуруу 1-февралда эртең менен да кайталанган.

Мурдараак депутат Дастан Бекешов Бишкек Жылуулук электр борбору бузулуп, үйлөр ысыбай калган күндөр үчүн төлөмдү жокко чыгаруу, жылуулук берүүнү "канааттандырларлык эмес" деп баалоо маселесин көтөргөн. Анын алдында январь үчүн төлөм кайра эсептелип, азайтылары кабарланган эле.

Өткөн жумада Бишкек жылуулук электр борбору бузулуп, үйлөр ысыбай калган. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG