Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Тогуз-Тородо алтын фабрикасы боюнча түшүндүрүү иштери жүрөт


Макмал
Макмал

Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун тургундары Макмал кенинин базасында курулуп жаткан тоо-кен байытуучу ишканасынын курулушуна каршы митингге чыгышты.

1-февралдагы митингге 500дөн ашуун киши катышканын уюштуруучулар белгилеп жатышат. Ал эми жергиликтүү бийлик алардын саны 150-200 экенин айтты. Митингге катышкандардын бири Таалайбек Бакытбек уулунун “Азаттыкка” кабарлашынча, жергиликтүү тургундар алтын бөлүп чыгаруучу фабриканын иштешине каршы.

-Эгер ошол фабрика ишке кирсе, Чернобыль сыяктуу эле болуп калат экен, мал-жандыктардын эти өтпөй, ууланат экен.

Жергиликтүү тургундар мындай митингди 7-февралда да өткөрүшөрүн айтып жатышат. Нааразылыкка чыккандар менен акимдин орун басары Айбек Кожошев жолугуп, абалды түшүндүргөнүн билдирди.

- Буга чейин дагы жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Компания жетекчилигине маалымат берип, элдин талабын жеткирүүгө аракет кылып жатабыз. Эми кайрадан коомдук угуу өткөрөлү деп жатабыз.

Алтынды бөлүп алуучу фабриканы “Ji El Makmal Development” ишканасы 2017-жылдан тарта куруп жатат. Курулуш иштери ушул жылдын июнь айында бүтүп, айына 165 кг. алтын өндүрөт деп пландалууда.

Комбинаттын өндүрүүдөгү кубаты бир күндө 100 тонна аралашманы кайра иштеп чыга алат. Алтын аралашмасын кайра иштеп чыгуудан фабрика доре куймасын алат.

19 миңден ашуун калк жашаган Тогуз-Торо району жалгыз "Макмал" алтын комбинатына көз каранды. Алтын кен ачылгандан тарта ушул күнгө чейин ар бир үй-бүлөдөн жок дегенде бирден киши ал жерде иштеген. Учурунда үч миңге жакын жумушчу иштеп, айына 180ден 250 килограммга чейин алтын өндүрүп турган. Азыр ал көрсөткүч кескин өзгөрүп 30-40 килограммга түшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG