Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:10

ЖМК: АКШ Сирия армиясы жаңы курал жасаган деп эсептейт


Химиялык куралга ууланган сириялык адам. 1-август, 2016-жыл.

АКШнын жетекчилиги Сирия өкмөтү химиялык курал жана аны колдонуу үчүн жаңы курал жасаган деп кооптонууда.

Бул тууралуу "Reuters" жана "Associated Press" агенттиги өз булактарына таянып жазып чыкты. Анда химиялык курал Сириядан сырткары аймактарга тарап кетишине Вашингтон кооптонуп жатканы жазылган.

АКШнын атын ачыкка чыгарууну каалабаган аткаминери Сириянын президенти Башар Асаддын режими ири өлчөмдө ууландыруучу зат колдонууну улантып жатканын айткан.

Бул тууралуу жазган эки агенттиктин маалыматына караганда, АКШнын президенти Доналд Трамп Сириянын химиялык курал чыгаруу аракетине жооп кайтарыларын жокко чыгарбайт.

Эксперттердин маалыматына караганда, Сирияда соңку алты жылда отуздан ашуун химиялык курал колдонулган. Башар Асаддын режими бул маалыматты четке кагып жүрөт. Мындан тышкары, АКШ Сирия армиясын өткөн жылдын апрель айында Идлиб провинциясындагы авиасокку үчүн айыптап келет. Анда уулуу газдан 80ден ашуун жайкын тургун каза болгон.

XS
SM
MD
LG