Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Мамдепартамент Нарышкиндин АКШга келип кетишин түшүндүрдү


Орусиянын Тышкы чалгын кызматынын башчысы Сергей Нарышкин. Москва, 27-декабрь, 2017-жыл.
Орусиянын Тышкы чалгын кызматынын башчысы Сергей Нарышкин. Москва, 27-декабрь, 2017-жыл.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Орусиянын Тышкы чалгын кызматынын башчысы Сергей Нарышкиндин Вашингтондогу иш сапары тууралуу түшүндүрмө берди. Анткени Нарышкин 2014-жылдан бери Вашингтон санкция киргизген орусиялык аткаминерлердин тизмесинде. Мындан улам анын Америкага эч тоскоолдуксуз барып кетиши бир катар суроолорду жаратып, демократтар Ак үйдү кескин сынга алышкан.

Мамдепартаменттин басма сөз катчысы Хизер Нойерт 1-февралда өткөргөн брифингде АКШнын улуттук коопсуздугунун кызыкчылыгы үчүн айрым учурларда чектөөлөр алынаарын билдирди.

- Орус өкмөтү менен болгон көптөгөн пикир келишпестиктерге карабай, биз кызматташа турган тармактар бар. Алардын бири - террорчулукка жана "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы күрөш, - деди ал.

Соңку бир жума ичинде Орусиянын үч башка атайын кызматынын жетекчилери АКШга барып кеткени маалым болгон. Бул маалыматты Орусиянын АКШдагы элчиси ырастап, Сергей Нарышкин Вашингтондо америкалык жооптуу расмий адамдар менен терроризмге каршы күрөш жана башка маселелерди талкуулаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG