Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:23

Иранда жоолуктарын чечип салган 29 аял кармалды


Аялдамада автобус күтүп жаткан ирандык аялдар. 8-июнь, 2017-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Иран полициясы баш кийим кийүүнү талап кылган мыйзамга нааразылыгын билдирип, жоолуктарын чечип салган 29 аялды кармады.

"Тасним" кабар агенттиги 1-февралда маалымдагандай, тартип коргоочулар камаган аялдар чет жакта жашаган ирандыктардын үгүтүнө сугарылып, жоолуктарынан баш тартышкан.

Сөз болгон 29 кыз-келин кайда кармалганы так айтылган жок.

1979-жылкы Ислам революциясынан кийин аялдар шарияттын мыйзамдарына ылайык кийинип жүрүшү Иранда милдеттүү болуп калган.

Ошондон бери аялзат өкүлдөрүнүн сырткы келбетине такай көз салынат. Аялдардын бардыгы жаш-карысына карабай денесин жана чачтарын жашырган кийим кийиши зарыл.

Адеп-ахлак полициясы хижаб тартибин сактабагандарга каршы тез-тез рейд уюштуруп келет. Ушул аптада эле башкалаа Тегеранда алты аял жоолуктарын чечип салганы үчүн кармалган.

XS
SM
MD
LG