Орусиянын курамындагы Чеченстан Республикасынын президенти Рамзан Кадыров "Мемориал" укук коргоо борборунун жергиликтүү бөлүмүнүн жетекчиси Оюб Титиевдин ишинин федералдык деңгээлге өтүшүнө каршы чыкты.
Кадыров мындай чакырыктарды тергөөгө басым көрсөтүү аракеттери катары сыпаттады. Орусиялык «Медиазона» маалымат сайты жазып чыккандай, Кадыров «Титиевдин ишин кайсы бир жакка өткөрүү тууралуу сөздөр ишти тергеп жаткан тергөөчүлөргө, баш коргоо чара жөнүндө чечим кабыл алган сотторго ишеним көрсөтпөө маселесин кабыргасынан коет" деп билдирген.
2-февралда Орусиянын адам укуктары боюнча өкүлү Татьяна Москалькова Титиевдин ишин Түндүк-Кавказ федералдык округуна өткөрүп берүүнү Ички иштер министрлигинен өтүнгөн. Ага чейин «Мемориал» уюму бул ишти иликтөөнү ИИМдин өзүнө алууга чакырган.
Рамзан Кадыров Титиев камакка алынгандан кийин аны "баңги" деп атаган. Укук коргоо уюмдары Чеченстанда эч качан иш жүргүзө албай турганын, анткени аларда "улуту, теги жок жана кайырдин" адамдар иштейт деп эсептей турганын жазды "Медиазона" сайты.
Орусиянын белгилүү укук коргоо уюму – “Мемориалдын” Чеченстандагы бөлүмүнүн башчысы, 60 жаштагы Оюб Титиев 9-январда камакка алынган. Полиция анын автоунаасынан 180 грамм марихуана табылганын жарыялаган.
“Мемориал” уюмунун Чеченстандагы мурдагы башчысы Наталья Эстемирова 2009-жылы Грозныйдан уурдалып, киши колдуу болгон.