Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

ИИМдин криминалдык милиция кызматын Нурбек Абдиев жетектейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын жетекчиси алмашты. Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, министрликтин 2-февралдагы буйругуна ылайык, бул кызматка милициянын полковниги Нурбек Абдиев дайындалды.
Абдиев 2017-жылдын августунан бери Криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген. Былтыр президенттин жарлыгы менен «Эрдик» медалын алган. Анын ордунда буга чейин Нурмат Болпонов иштеп келген.

Криминалдык милиция кызматы былтыр августта түзүлгөн. ИИМ жаңы кызмат президенттин күч органдарын реформалоо жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу, жарандардын укугун жана коомдук тартипти коргоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү максатында ачылганын жарыялаган. (NT)

XS
SM
MD
LG