Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 15:14

Москвада калың кардан бактар кулап, бир киши каза тапты 


Москва шаары.

Орусиянын баш калаасы Москва шаарында калың жааган карды көтөрө албаган бак электр линиясына кулап, бир киши каза тапты. Москванын мэри Сергей Собянин "Twitterде" калың кардан дагы беш киши жабыркаганын билдирди.

Анын айтымында, 3-февралда жааган кардан кийин кулаган бак-дарактардын саны Москвада эки миңден ашты.

Орусиянын Форбордук федералдык округунда 57 миңден ашык киши электр жарыгысыз калганын ТАСС агенттиги өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянуу менен кабарлады. Маалыматка караганда, Москва облусунда эле 5 миңдей киши жарыксыз отурат. Энергетиктер абалды калыбына келтирүү аракетин көрүп жатканын айтышууда.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG