Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 03:19

Ачкачылык жарыялаган үч саясатчы парламентке кайрылат


Бишкек шаардык соту. Ачкачылык кармагандардын иши каралып жатканда дарыгерлер келген. 2-февраль, 2018-жыл.

"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен камакка алынган үч саясатчы Жогорку Кеңешке кайрылат. Парламентке кайрылуу бүгүн бериле турганын камактагылардын бири Бектур Асанов 2-февралдагы Бишкек шаардык сотундагы жараянда билдирди.

Жабык өтүп жаткан соттогу анын айткандары жазылган аудиону туугандары жана "Саясий туткундарды коргоо комитети" бейөкмөт уюму Интернетке жарыялашты. Анда Асанов УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылган. Коюлган талаптар аткарылмайынча ал өзү менен кошо соттолгон эки оппозициячы менен кошо ачкачылыкты акырына чейин кармай турганын маалымдаган.

"Саясий туткундарды коргоо комитети" билдиргендей, Бектур Асановдун "кургак ачкачылык" кармаганына бүгүн жети күн болду. Карыбеков алты, Кубанычбек Кадыров беш күндөн бери "кургак ачкачылык" кармоодо. Жаза аткаруу кызматы ачкачылык кармагандардын абалы тууралуу маалымат бере элек.

XS
SM
MD
LG