Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

Брюсселде Париж теракттары боюнча шектүүнүн соту башталды


Соттук процессте тартылган сүрөт.
Соттук процессте тартылган сүрөт.

Брюсселде Париждеги теракттар боюнча шектүү Салах Абдесаламдын соту башталды. 2015-жылдын ноябрында Франциянын борборунда 130 кишинин өмүрүн алып кеткен кол салуулар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму өзүнө алган. Бирок бул процессте Абдесаламдын башка кылмыш иши каралууда.

Теги марокколук француз жараны, 28 жаштагы Абдесалам Белгиянын Мөленбек районунда чоңойгон. Европадагы эң изделген адамды коопсуздук органдары 4 ай бою колго түшүрө албай жүрүп, 2016-жылдын 15-мартында гана Брюсселдин эмигранттар жашаган бөлүгүндө ага кошуп 4 шектүүнү кармашкан. Абдесалам кармоо учурундагы атышуу үчүн айыпталып жатат.

Франциянын тарыхындагы эң кандуу теракт 130 кишинин өмүрүн кыйган. Исламчыл согушкерлердин бир нече тобу Париждин ар кайсы жерлерине кол салышкан.

XS
SM
MD
LG