Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Камакта ачкачылык кармаган оппозициячылар сотко жеткирилет


Камактагыларды колдоо акциясы. 5-февраль, 2018-жыл.
Камактагыларды колдоо акциясы. 5-февраль, 2018-жыл.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын расмий өкүлү Александр Никсдорф камакта ачкачылык жарыялаган саясатчыларга байланыштуу Бишкек шаардык сотундагы кезектеги жараян улантыларын билдирди. Анын айтымында, ачкачылык кармагандардын абалы дарыгерлердин көзөмөлүндө. Никсдорф абактагылар сотко жеткирилерин 5-февралда билдирди:

- Үчөөнүн тең абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Башы айланганын айтып жатышат. Бирок биздин дарыгерлер керектүү дарылоодон өткөрүп турушат.

Абактагы Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков укуктары одоно тебеленип, жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилбей жатканына нааразылык билдирип жатышат. Ошондой эле алар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылып, 30-январдан тартып "кургак ачкачылык" жарыялашкан. Баары УКМКнын тергөө абагынан №47 колонияга которулган.

2-февралда туугандары ачкачылык кармаганына карабай алар сотко жеткирилгенин билдиришкен. Сотто Бектур Асанов сөз сүйлөп, талаптар аткарылбаса, акырына чейин ачкачылык кармап, кийинки жараянга мажбурласа да келбей турганын, адвокаттардан баш тартарын айткан. "Же Сегизбаев кетет же биз үчөөбүз өлөбүз" деген жабык соттогу анын айткандары жазылган аудиону жакындары жана "Саясий туткундарды коргоо комитети" бейөкмөт уюму Интернетке жарыялаган.

5-февралда оппозициячылардын туугандары, тарапкерлери жана айрым активисттер №47 колониянын алдына чыгып, камактагы саясатчылардын абалы начарлап кеткенин билдиришкен. Алар абактагыларды ачкачылыкты токтотууга чакырышкан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси, "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыраткан. Булар менен кошо айыпталган Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилген. Саясатчылар соттун чечимине макул болбой, шаардык сотко арызданышкан. "Мамлекеттик сыр" деген негизде райондук сот ишти жабык караган. Шаардык сот да жабык өтүп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG