Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 20:10

АКШ Ирактагы аскерлерин азайтууда


Мосул, 21-июнь, 2017-жыл.

Ирактын жетекчилиги “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун жеңгенин жарыялагандан кийин АКШ бул өлкөдөгү өз аскерлерин чыгара баштады.

Бул тууралуу Иран өкмөтүнүн расмий өкүлү Саад ал-Хадити 5-февралда маалымдады. Анын айтымында, америкалык күчтөрдүн чыгарылышы жоочуларга каршы күрөш аяктаганы менен байланыштуу.

АКШ жетектеген коалицияда келишим менен кызмат өтөгөндөр да бул кабарды ырастап, аскерлер, курал-жарактар Ирактан Ооганстанга көчүрүлүп жатканын билдиришти.

Кошмо Штаттар Ирактагы жоочуларга алгачкы жолу 2014-жылы сокку урган. Андан кийин алар Мосулду экстремисттик топтордон кайтарып алууда ирактык күчтөргө колдоо көрсөткөн. Пентагондун былтыр ноябрда жарыяланган баяндамасында Иракта АКШнын 8900 жоокери бар экени айтылган.

XS
SM
MD
LG