Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:52

Мамлекеттик тарых музейине улуттук статус ыйгарылды


Улуттук тарых музейи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейине “улуттук статус ыйгаруу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, “улуттук” статусун ыйгаруу Кыргызстандын өнүгүшүнүн негизги баскычтарын чагылдырган уникалдуу экспонаттардын коллекциялары коюлган маанилүү маданий объект катары музейдин маанисин билдирип турат.

Бул чечим ошондой эле музейди башкаруу системасын оптималдаштырууга, анда иштеген кызматкерлердин санын жана каржылоону жөнгө салууга мүмкүндүк берет.

Тарых музейинде 135 миңден ашык буюм-тайым турат. Музей оңдоп-түзөө үчүн 2016-жылы 25-мартта жабылган. Маданият министрлиги музейди жаңылоо эки этап менен жүрөрүн кабарлаган. Алгач Түркиянын Кызматташтык жана өнүгүү боюнча агенттиги (ТИКА, TİKA) музей имаратынын баарын ремонттоп бермекчи болуп, кийин жарым-жартылайын оңдоого гана көмөк көрсөткөн. Калганын Кыргызстан өзү оңдоодон өткөрүүдө. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG