Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

Карабеков: Жээнбековго 5 миллион төлөгүдөй шарт түзүп беришсин


Кабай Карабеков.
Кабай Карабеков.

Журналист Кабай Карабеков президент Сооронбай Жээнбековдун доо арызы боюнча 5 миллион сом төлөнө электигинин себебин түшүндүрдү. Бүгүн “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып ал:

- Адегенде мага ошол акчага муктаж болуп жаткан үй-бүлөгө төлөө үчүн каражатты иштеп табышыма шарт түзүп беришсин. Андай шарт түзүп беришкен жок да. Мени сотко берүүгө эч кандай негиз жок болчу. Бул үй-бүлөгө акча керек болуп жатат деп эле түшүндүм.

Былтыр сентябрда 24.kg сайтына Кабай Карабековдун "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген макала чыккан.

Ошол учурда президенттикке талапкер болгон Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы макаланы "ушак жана жалган жалаа" деп баалап, сотко кайрылган.

Доочу моралдык зыян катары макаланын автору Кабай Карабеков менен 24.kg агенттигинин ар биринен 5 миллион сомдон өндүрүүнү талап кылган. Свердлов райондук соту, андан кийин шаардык сот Жээнбековдун штабынын талабын канааттандырган.

5-февралда Жээнбеков 24.kg маалымат агенттигине каршы 5 миллион сомдук айыппул өндүрүү талабынан баш тартты.

Карабеков 5 миллионду төлөй электигине байланыштуу ага 16-январдан тарта Кыргызстандан сыртка чыгууга тыюу салынды. (KE)

XS
SM
MD
LG