Линктер

шаршемби, 17-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:29

Орусияда Путин президенттикке талапкер болуп расмий катталды


Владимир Путин. 2-февраль, 2018-жыл.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Владимир Путиндин президенттикке талапкерлигин расмий каттады. Аны колдогон 315 миң адамдын колунун бир пайызга жетпеген бөлүгү гана жараксыз деп табылды. Путин 4-мөөнөт үчүн ат салышаарын туура эки ай мурун билдирген.

Талдоочулар президент мүмкүн болушунча ишенимдүү жеңип чыгууга жана добуш берүүгө элдин көп катышуусун камсыз кылууга аракеттенет деп эсептешет.

Өлкөнүн Конституциясы эң жогорку кызматты катары менен эки мөөнөттөн көп аткарууга жол бербейт. Сынчылар Путин СССР кулагандан кийин ишке аша баштаган демократиялык реформалардан тайып жатканын айтып жүрүшөт.

Буга чейин БШК либерал-демократтардын атынан Владимир Жириновскийди жана коммунисттердин партиясы КПРФ көрсөткөн Павел Грудининди каттаган. 18-мартта өтө турган шайлоого катышкысы келгенин "Яблоко" партиясынын лидери Григорий Явлинский, теле алып баруучу Ксения Собчак жана ишкерлик боюнча акыйкатчы Борис Титов да билдиришкен.

Ал эми оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды БШК мурда ага козголгон кылмыш иштерине байланыштуу каттоодон баш тарткан.

65 жаштагы Владимир Путин Орусияны 2000-жылдан бери башкарып келатат. Анын ичинде 13 жыл президент болсо, төрт жыл өкмөт башында турган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG