Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Шаардык сотто Жакупова менен Айыптын апелляциялык арызы каралат


Чолпон Жакупова, Дина Маслова жана Нарын Айып.
Чолпон Жакупова, Дина Маслова жана Нарын Айып.

Бишкек шаардык соту бүгүн мурдагы депутат Чолпон Жакупова менен журналист Нарын Айыптын апелляциялык арызын карайт.

Жакупова менен Нарын Айып Октябрь райондук сотунун чечимдерине макул болбой, шаардык сотко даттанышкан. Доо арызды кароо өткөн аптада 7-февралга белгиленген.

Айыпталуучулар апелляциялык арыз каралган учурда камакка алынган мүлктү сатыкка коюу тууралуу жараянды токтото турууну өтүнүп, сот муну канааттандырган. Мүлккө байланышкан сотту судья 14-февралга калтырган.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков Чолпон Жакуповага таандык Ысык-Көлдөгү коттежди жана Нарын Айыптын учурда жашап жаткан батирин сатыкка чыгарып, анын эсебинен айыппул өндүрүүнү соттон өтүнгөн. Анын алдында соттун чечими менен сөз болуп жаткан имараттар камакка алынган.

Башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Мунун ичинен басылма 15 миллион сом, Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттүү болгон.

Ушундай эле өңүттөгү кине менен “Адилет” укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.

Өлкөдөгү жана эл аралык бир катар уюмдар бул сот чечимине байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, аны сөз эркиндигине басым катары баалашкан.

Кыргызстан журналисттеринин эркин биримдиги, 17 медиа жана эл аралык уюм да доого жыгылган журналисттерге каражат топтой баштаган. (NT)

XS
SM
MD
LG