Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:50

Алтын кошулмаларынын чет жакка ташылышы талкууланат


"Алтынкен" ишканасы. Чүй облусу.
"Алтынкен" ишканасы. Чүй облусу.

Парламенттеги “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов бүгүн Бишкекте “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун жана “Алтынкен” ишканасынын жетекчилери менен жолугушат.

Анда “Алтынкенден” алтын кошулмаларынын Кыргызстандан сыртка ташылышынын чоо-жайы тууралуу сөз болот.

Кеминдеги Талды-Булак Сол жээк кенин иштеткен “Алтынкен” ишканасы 1170 тонна алтын кошулмасын Кытайга чыгарып кеткени 2016-жылы ачыкка чыккан. Чүй облусунун ошол кездеги жетекчилиги аталган компания алтын тазалоочу фабрика бар экенине карабастан, кошулманы өлкөдөн чыгарып жатканын иликтеш үчүн укук коргоо органдарына кайрылган. “Алтынкендин” өкүлдөрү кошулманы чыгарууда өкмөттөн уруксат алынганын билдиришкен.

Талды-Булак сол жээк кени 2015-жылы июль айында ишке кирген. Кенди иштетиш үчүн кыргыз-кытай биргелешкен “Алтынкен” ЖЧКсы лицензия алган. Анын 60 пайыздык үлүшү Кытайдын “Цзыцзинь”, 40 пайызы Кыргызстандын “Кыргызалтын” ишканасына таандык. (NT)

XS
SM
MD
LG