Линктер

бейшемби, 24-май, 2018 Бишкек убактысы 08:38

Кыргызстанда мамлекеттик орто мектептерди аккредитациядан өткөрүү башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо жана аккредитациялоо башкармалыгынын башчысы Нурбек Казыев “Азаттыкка” билдирди.

Өнөктүктүн алкагында билим берүү мекемелериндеги материалдык-техникалык база, мектептин имараты, кадрлар базасынын жана китептин жетиштүүлүгү, мугалимдердин квалификациялык деңгээли, окуучулардын билим сапаты текшерилет. Бул үчүн өлкөдөгү мамлекеттик мектептердин жетекчилери тиешелүү документтерди Билим берүү жана илим министрлигинин атайын электрондук дарегине жөнөтүшөт. Аккредитациянын жыйынтыгына жараша министрлик мектептерде кандай кыйынчылыктар бар экенин аныктап, аларды чечүүнүн жолдорун иштеп чыгып, өкмөткө сунуш кылат. Мектептеги жыйынтыктар начар чыкса мектеп директорлорун кызматтан алуу өңдүү да чаралар көрүлөт.

Кыргызстанда жалпы жонунан 2 миң 236 мектеп болсо, бул аккредитациядан мамлекеттики болуп эсептелген 1958 мектеп өтүшү керек. Министрлик кабарлагандай, жыл башынан бери Бишкек шаары менен Чүй облусундагы мектептердин дээрлик көбү аккредитациядан өтүп бүтүп калды.

Маалым болгондой, буга чейин жеке менчик жана лицей-гимназиялар аттестациядан өтүп келишкен. 2017-жылдын июнь айындагы өкмөттүн токтомуна ылайык, аттестация аккредитация болуп өзгөртүлүп, андан мамлекеттик мектептерди да өткөрүү милдеттендирилген. Аккредитация эми беш жыл сайын өткөрүлүп турмакчы. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG