Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Германияда коалициялык келишим түзүлдү


Ангела Меркел, 7.02.2018
Ангела Меркел, 7.02.2018

Канцлер Ангела Меркелдин Христиан-демократтар партиясы жана Бавариянын Христиан-социалдык партиясынан турган саясий биримдиги Мартин Шульц жетектеген Социал-демократтар партиясы менен каолициялык келишим түзүштү.

Ага ылайык, Социал-демократтар партиясына өкмөттөгү Тышкы иштер жана Каржы министрликтери баш болгон алты министрлик тийди. Шульц өзү Тышкы иштер министрлигин жетектеп калышы мүмкүн деп кабарланды.

Эгер тараптар мунаса табышпаса, Германияда кайрадан парламенттик шайлоо өтмөк. Ошентсе да коалициялык келишимди Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү алдыңкы апталарда жактырышы керек. Ангела Меркел келишим колдоо табап деп ишенип турат.

24-сентябрдагы парламенттик шайлоодо Ангела Меркелдин саясий биримдиги 33% добуш менен парламенттик көпчүлүккө ээ боло алган эмес. Марага экинчи келген социал-демократтар парламенттеги бир катар орундарынан ажырап, добуштардын 21% алган. "Германия үчүн альтернатива" партиясы үчүнчү келип, соңку 60 жылда Бундестагга кирген биринчи ашкере оңчул партия болуп калды. Андан бери Меркел өкмөт куроо үчүн коалиция түзө албай жаткан.

XS
SM
MD
LG