Баткенде Лейлек районунун айрым тургундары райборбор менен байланыш токтоп калганын айтып жатышат. “Азаттык” радиосуна жергиликтүү тургундар кабарлаганына караганда, тажик тарап чек арадагы жолду жапкандан кийин Кулунду жана Жаңы-Жер айыл аймагы райборбор менен байланыша албай калды. Ага чейин Кулундуга караштуу Саада айылынын жергиликтүү жетекчилиги окуучулардын ыңгайы үчүн суу каналдын үстүнө контейнерден көпүрө жасап берген.
Чек ара кызматы Лейлекте кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу экенин кабарлоодо.
Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Салкын Абдыкариеванын айтымында, бүгүн Тажикстан “Кулунду” жана "Кайрагач” өткөрмө бекеттери аркылуу адамдардын, транспорттук каражаттардын жана жүктүн өтүшүн бир тараптуу токтотту:
- Тажик тарап Кулундунун Сай айылындагы көпүрөнү жаап, ал жердеги чек арачыларын көбөйттү. Ага чейин Саада айылында көпүрө курулган. Аталган айылдын тургундары Саада каналы аркылуу өтүүчү бул көпүрөнү мектеп окуучуларынын ыңгайы үчүн орнотушкан. Жергиликтүү тургундар тажик чек арачылары кыргызстандык окуучулардын өтүшүнө тоскоолдук жаратып жатканын айтууда.
Учурда кырдаалды жөнгө салуу максатында эки тараптуу жолугушуулар өтүп жатат. (JsA)