Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Эсепчинин өлүмү, түрдүү түкшүмөлдөр


Эсепчинин өлүмү, түрдүү түкшүмөлдөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:25 0:00

Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Төөлөс айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Абдижамил Нурматов мындан алты ай мурун асынып алган. Ноокат районуна таанымал эсепчинин мындай кадамы аймакта түрдүү имиштердин жаралышына себеп болду. Маркумдун жакындары эсепчинин ажалына Төөлөс айыл өкмөтүнүн ошол кездеги башчысы менен айыл өкмөтүн кайра-кайра текшерген көзөмөл органдарын күнөөлөп келишет. Айыл өкмөт башчысы болсо өз дарегине айтылган доону негизсиз деп четке кагууда. Тартип коргоо органдары эсепчинин өзүнө-өзү кол салуусуна эмне себеп болгонун териштирген жери жок.

XS
SM
MD
LG