Линктер

жума, 25-май, 2018 Бишкек убактысы 03:38

Улуттук банк акча алмаштыруучу жайларга 400 миң сом айыппул салды


Кыргызстандагы акча алмаштыруучу жайлар. Архивдик сүрөт.

Улуттук банк Ош облусунун Кара-Суу районундагы, Ош шаарындагы жана Талас облусунун Манас районундагы акча алмаштыруучу жайларга 400 миң сом айыппул салды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, айыппул төрт кишиге чегерилди. Алардын үчөө лицензиясы жок иштеп жатканы, ал эми бирөө банк мыйзамдарын бузганы аныкталган.

Айыппулдар боюнча тартип эрежелери былтыр киргизилген. Ага ылайык жазалар дээрлик он эсе көбөйтүлүп, 100 миң сомдун тегерегинде каралган. Улуттук банк мындай чараны мыйзамсыз акча алмаштыруучу жайларга бөгөт коюу зарылдыгы менен түшүндүрүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG