Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 18:50

Абактагы саясатчылар ачкачылык кармоону улантууда


Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров, энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков.

Бийликти күч менен басып алууга аракеттенди деген айып менен соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров, энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков ачкачылык кармоону улантышууда.

Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Александр Никсдорф “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, ачкачылык кармагандардын абалы канааттандырарлык жана №47 абактын дарыгерлеринин көзөмөлүндө.

Никсдорф буга чейин Бектур Асановдун өз алдынча басууга дарманы келбей калды деген жакындарынын маалыматын төгүнгө чыгарды.

10-февралда абакта ачкачылык кармап жаткандар менен жубайлары көрүшкөн. Анын жыйынтыгында Бектур Асановдун жубайы Алтын Эркебаева саясатчылардын абалы өтө оорлоп кеткенин “Азаттыкка” билдирген.

Былтыр Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду 12 жылга, энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан.

Бул иш боюнча мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилген. Өкүмдү 7-февралда Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган.

Саясий негизде куугунтукка кабылганын айткан Асанов 13 күндөн бери, ал эми Кадыров жана Карыбеков 12 күндөн бери кургак ачкачылык кармап жатат. Алар УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин отставкасын талап кылууда.

Буга чейин соттолгондордун бири Дастан Сарыгулов президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат жолдоп, өздөрүнө тагылган айып боюнча көз карандысыз комиссия түзүүнү суранган эле.

Эгер президент өтүнүчүнө көңүл бурбаса, Сарыгулов абакта ачкачылык кармап жаткандарга кошуларын билдирген.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG